AVN







“ТАРЫХТА КАЛГАН ИЗДЕР”

“ТАРЫХТА КАЛГАН ИЗДЕР”
 Nov 26, 2021  439

     Бекмамат  Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде тайпалар  арасында залкар комузчу Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгына карата  куратордук сабактар өтүлдү.

       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11- мартындагы №57-б буйругу, КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  2021-жылдын 29-сентябрындагы №25-б буйругунун негизинде фарм-1-21 тайпасынын куратору Абазова Сүйүмкан, фарм-2-21 тайпасынын куратору Сайдазимова Барно залкар комузчу Ниязаалы Борошев жөнүндө  “Тарыхта калган издер” деген темада жогорку денгээлде куратордук сабактарды өтүштү. Куратордук сабакта  студенттер залкар комузчунун өмүр жолун, комузчу, жомокчу, ырчы өнөрлөрүн, Ниязаалынын чыгармачылыгы айрыкча совет доордо өнүккөнүн,  1936 – 1937-жылдары  Фрунзеде  өткөрүлгөн чыгармачылыгынын  республикалык  биринчи жана экинчи олимпиадаларында биринчиликти жеңип алган ийгиликтерин даңазалашты.

     Фарм-2-21 тайпасынын студенти  Аширбекова Нургул “Алтын балалык” күүсүн чертип, Ниязаалы Борошевдин  “Кара өзгөй”, “Арсар күү”,  “Кер толгоо”,  “Сары Барпы”, “Короо күзөтүү”, “Өтүп кетти балалык” аттуу күүлөрүнө токтолуп өттү. Фарм-1-21 тайпасынын кыздары  “Өтүп кетти балалык” күүсүнө чимириле бийлешти.     Кыргыз  тарыхына,   үч  кылы  шаңшып  турган  кыргыз  комузунун   айтып  бүткүс күүлөрүнө,  маданиятына  салым  кошкон  залкар  комузчу  Ниязаалы  Борошевди  эскерүү  жана даңазалоо  максатында  тайпалар арасында  куратордук сабактар өтүлүп, анын 165 жылдыгын  колледждин студенттери  да белгилешти –  деп колледждин  тарбия иштер боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева  айтып өттү.

Ырчы, комузчу, айтым күүлөрүнүн устаты, элдик күүлөрдүн чебери Ниязаалы Борошев 1856-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. Ниязаалы залкар комузчу жана аткаруучу. Анын башкалардан өзгөчөлүгү, комузда кол ойнотуп, күү арасында ыр кошуп куудулданып аткаргандыгында.  Андыктан ал, атайын күүлөрдүн негиз салуучусу болуп эсептелет. 15 жашынан комуз черткенди үйрөнүп, ошондо эле татаал күүлөдү черте баштаган.

  • “ТАРЫХТА КАЛГАН ИЗДЕР”
  • “ТАРЫХТА КАЛГАН ИЗДЕР”
  • “ТАРЫХТА КАЛГАН ИЗДЕР”
  • “ТАРЫХТА КАЛГАН ИЗДЕР”