AVN







18 ЖАШКА ЧЕЙИН НИКЕГЕ ТУРУУ ЭМНЕГЕ АЛЫП КЕЛЕТ?

18 ЖАШКА ЧЕЙИН НИКЕГЕ ТУРУУ ЭМНЕГЕ  АЛЫП  КЕЛЕТ?
 Nov 25, 2021  583

         Табигый техникалык факультетинин «География» кафедрасында кыз ала качуу жана эрте никеге туруунун зыяндуулугу жөнүндө талкуу жүрдү. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Бириккен улуттар уюму тарабынан жарыяланган “10-декабрь – Адам укуктарын коргоо күнүнө” карата бир айлык иш-чаранын  алкагында 2021-жылдын  20-ноябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин География кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери тарабынан “Кыз ала качууну болтурбоо жана эрте никеге туруунун зыяндуулугу” деген аталыштагы тегерек стол  болуп  өттү. Тегерек столдун коноктору:

1. Аширалиев Абдиумаматкадыр Аширалиевич- т.и.д., ЖАМУнун профессору;

2. Тажибаева Жаркын – п.и.к., доцент, ЖАМУнун педагогика жана психология     кафедрасынын башчысы;

3. Калчакеев  Кубанычбек  - ф.и.д., ЖАМУнун  профессору ;

4. Гуламжанова Махабат   -  Врач-гинеколог, ЖАМУнун «Анатомия  жана физиология»       кафедрасынын окутуучусу;

5. Кулушев Нурманбет – юрист, ЖАМУнун юристпруденция кафедрасынын окутуучусу.

Кыз ала качуу – коомдогу эн көйгөйлүү маселе. Себеби, кыз ала качуу темасы эгемендүүлүк алгандан бери эле белгилүү бир убакта  жок болуп, анан кайра көтөрүлүп, кыскасы элдин жашоосунан жоголбой келет.  Кээ бирлери айтат кыз ала качуу салт деп, айрымдары жок салт эмес, кылмыш деп айтышат – дейт география кафедрасынын окутуучусу Асема Молдомусаева.

Акыркы мезгилдерде Кыргызстанда эрте турмуш курган жаштардын саны өсүп баратат, албетте бул багытта коомдук уюмдар, эл аралык уюмдар, бей өкмөт уюмдар, мамлекет тарабынан дагы бир катар түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Эрте никеге туруу маселеси чон глобалдуу көйгөйгө айланды. БУУнун иликтөөсү боюнча күнүнө 39 мин жашы жете элек кыз турмуш курса,  50 мин жашы жете элек кыз төрөттөн каза болоору  айтылды.

18 жашка чейин никеге туруу эмнеге  алып  келет?

-кыздардын  ден  соолугуна, өмүрүнө коркунуч;

-алардын  балдарынын   ден соолугуна, өмүрүнө  коркунуч;

-кыздарды билим  алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат;

-билими жок кыздар жакшы кесипке ээ болушпайт;

-кыздар ар дайым күйөөсүнөн жана анын  үй-бүлөсүнөн  көз каранды  болот;

-өмүр бою кыздар аз акча  табышат, демек өз балдарына билим бере алышпайт  жана  жакыр   карылыкка туш болушат.

  • 18 ЖАШКА ЧЕЙИН НИКЕГЕ ТУРУУ ЭМНЕГЕ  АЛЫП  КЕЛЕТ?
  • 18 ЖАШКА ЧЕЙИН НИКЕГЕ ТУРУУ ЭМНЕГЕ  АЛЫП  КЕЛЕТ?
  • 18 ЖАШКА ЧЕЙИН НИКЕГЕ ТУРУУ ЭМНЕГЕ  АЛЫП  КЕЛЕТ?
  • 18 ЖАШКА ЧЕЙИН НИКЕГЕ ТУРУУ ЭМНЕГЕ  АЛЫП  КЕЛЕТ?