AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТТЕРИ ДААНЫШМАНДЫГЫН КӨРГӨЗҮШТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТТЕРИ ДААНЫШМАНДЫГЫН КӨРГӨЗҮШТҮ
 Feb 7, 2018  846

      Бүгүн 6-февраль күнү Филология факултетинин  201-аудиториясында ЖАМУнун Жаштар комитетинин алдында түзүлгөн “Даанышман” интеллектуалдык клубунун кезектеги интелектуалдык оюну болду.  Ага филология факултетинин жана Жалал-Абад колледжинин 1-2-курсунун студенттери катышышты.

      Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усеновдун айтымында “Даанышман” интелектуалдык оюнуна эки командада бештен жалпы 10 студент ойноду. Мында командаларга “Кыргызстандын географиясы” жана “Менин-университетим” деген темаларда 40 суроо узатылып, берилген суроолордун жыйынтыгында Жалал-Абад колледжи 16 упай топтосо, филолгия факултетинин студенттери 14 упай жыйнай алышты. Ошентип оюндун соңунда Жалал-Абад колледжинин студенттери 2 упайга көбүрөөк топтоп оюндун жеңүүчүсү аталышты деп билдирди А. Усенов. 

   Уюштуруучулар “Даанышман” интеллектуалдык оюну ар жума сайын факультеттер арасында өтүп тураарын кошумчалашты.