AVN

“Илимий изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар” аталыштагы илимий-практикалык конференция

 Nov 19, 2021  447

2021-жылдын 16-ноябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде илим күнүнө карата “Илимий изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар” аталыштагы илимий-практикалык конференция ЖАМУнун чоң жыйындар залында өткөрүлдү. Ошону менен бирге илимий жетишкендиктеринин көргөзмөсү уюштурулду.

Конференция саат 10:00до ректор тех.и.д., профессор, Усенов Кеңешбек Жумабековичтин куттуктоо сөзү менен башталды.

Ал эми пленардык баяндамада: ф-м.и.д., профессор Курманбек Алыбаев “Адистин кесиптик маданиятын калыптандыруу”, т.и.д., профессор Абдиумаматкадыр Аширалиев “Кыргызстандын энергетика коопсуздугунун маселелери”, филол.и.к., доцент Дилбар Чокоева “ЖАМУда көп деңгээлдүү билим берүүнү өнүктүрүүнүн жолдору жана мүмкүнчүлүктөрү”, ф.и.д., профессордун м.а., Гүлдана Токоева “Учурдагы билим берүү: маселелери жана келечеги”, ф.и.к., доцент Гүлжамал Токтогулова “Латын алфавити жана анын кыргыз коомунун билим берүү системасына тийгизген таасири” аталыштагы темада баяндамаларды окушту.

Коференциянын 2-бөлүгү түшкү тыныгуудан кийин саат 13:00до секциялык иштер математика жана БАС, физика, педагогикалык, экономикалык-юридикалык, филология, тарых жана философия, медициналык, табигый-техникалык багытында өткөрүлдү. Баардыгы болуп 93 доклад окулду.

Конференцияны жыйынтыктоо башкы имараттын кичи жыйындар залында саат 15:00до өткөрүлүп, сыйлыктарды тапшырууда мыкты баяндамасы үчүн жана активдүү катышкандыгы боюнча дипломдор, сертификаттар берилди.

  • “Илимий изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар” аталыштагы илимий-практикалык конференция