AVN

ДААНЫШМАН ИНТЕЛЕКТУАЛДЫК АКЫЛ ТАЙМАШЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ТАНДАЛДЫ

ДААНЫШМАН ИНТЕЛЕКТУАЛДЫК АКЫЛ ТАЙМАШЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ТАНДАЛДЫ
 Nov 16, 2021  476

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекттик университетинде 10-ноябрь Эл аралык жаштар жана 17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата окуу жайдын факультеттери жана колледждери арасында "Даанышман" интеллектуалдык акыл таймаш оюну болуп өттү. Бул тууралуу жаштар комитетинен Гүлзана Абдувалиева билдирди. Анын айтымында иш-чаранын негизги максаты студенттер арасында ынтымакты бекемдөө, достук мамилени чыңдоо жана кызматташтыкты күчөтүү.

Уюштуруучулар маалымдагандай, оюнга баардыгы болуп 6 (алты) команда катышкан. Алардын ар биринде бештен оюнчу болгон. Оюн үч багыттан туруп катышуучуларга тарыхый, логикалык жана белгилүү инсандар жөнүндө суроолор берилген. Жыйынтыгында Педагогикалык маалыматтар техналогиялар факультетинен куралган “Stern” командасы I-орунга, Эканомикалык юридикалык факультетинин “Ийгилик” командасы II-орунга, Филология факультенен “Алтын ордо” командасы III-орунга ээ болуп, атайын дипломдор жана сыйлыктар менен сыйланышты. Мындан сырткары,  медицина факультетинен өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн Жумабек Акматовго “Ой-өрүшү кенен” студент номинациясы ыйгарылды.

Эскерте кетсек, сыйлыктар 17-ноябрь күнү ЖАМУнун Жаштар комитети тарабынан өткөрүлүүчү "Жаштар форуму" аталышындагы маданий-интеллектуалдык иш-чарада тапшырылмакчы.

  • ДААНЫШМАН ИНТЕЛЕКТУАЛДЫК АКЫЛ ТАЙМАШЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ТАНДАЛДЫ