Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин «Немец тили жана адабияты» кафедрасында Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата «Биз И.В.Гетенин тилинде сүйлөйбүз» аттуу майрамдык кече өттү. Кечеге филология факультетинин деканы ф.и.к. доцент А.Калмурзаева, филология илимдеринин доктору, профессор К.Калчакеев, факульттеттин кафедра башчылары, немец тили жана адабияты адистигин бүтүргөн ардактуу бүтүрүүчүлөрү жана студенттер катышты. Кечеде студенттер ыр бийлерди, көркөм окууларды жана “Золушка” жомогунан немец тилинде үзүндү аткарышты. Соңунда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алган студенттер дипломдор менен сыйланышты. Ал эми, төртүнчү курстун студенттери биринчи курска келген студенттерге билим ачкычын, билим китепчесин (зачеттук китепче), жана студенттик билетти тапшырышты.