AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИ ЖОЖДОР АРАЛЫК СУБРЕГИОНАЛДЫК СЕМИНАРДА

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИ ЖОЖДОР АРАЛЫК СУБРЕГИОНАЛДЫК СЕМИНАРДА
 Nov 13, 2021  347

Жалал-Абад колледжинин Социалдык иш адистигинин окутуучулары жана студенттери 19-октябрь Кыргыз Республикасынын  Эмгек жана Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата ОшМУнун Психология кафедрасы тарабынан өткөрүлгөн “Социалдык кызматкерлердин, психологдордун коомдогу ролу” аттуу ЖОЖдор аралык субрегионалдык семинарга катышып келишти.

Семинарга социалдык кызматкерлердин ассоциациясынын президенти филос.илим.доктору, профессор  БГУнун социалдык –психологиялык факультетинин деканы Эрик Орозалиев, Ош шаарындагы “Калктын аярлуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү борбору” коомдук фондунун жетекчиси Зейнеп Эшмуратова, Ош, Баткен областынын окуу жайларынын окутуучулары, студенттери жана Жалал-Абад колледжинен Айнагүль Ташматова, Таттыгүл Кожомуратова,  Айтбү Анарбай кызы жана СРк-2-20 тайпасынын студенттери катышты.

Семинарда социалдык кызматкерлердин коомдогу орду жана азыркы учурдагы социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча талкуу журуп, анын жүрүшүндө студенттер  да өз ойлорун ортого салды.  

Семинардын соңунда ОшМУнун Индустриалдык – Педагогикалык колледжинин социалдык иш адистигинин студенттери  менен биргеликте колледждин аудиторияларына, китеп канасына жана Ош шаарына саякат жасалды.

  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИ ЖОЖДОР АРАЛЫК СУБРЕГИОНАЛДЫК СЕМИНАРДА
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИ ЖОЖДОР АРАЛЫК СУБРЕГИОНАЛДЫК СЕМИНАРДА
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИ ЖОЖДОР АРАЛЫК СУБРЕГИОНАЛДЫК СЕМИНАРДА
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИ ЖОЖДОР АРАЛЫК СУБРЕГИОНАЛДЫК СЕМИНАРДА