AVN







ОШМУнун активдүү студенттеринен түзүлгөн делегация ЖАМУда

ОШМУнун активдүү студенттеринен түзүлгөн делегация ЖАМУда
 Nov 13, 2021  395

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине Ош мамлекеттик университетинде туризм, тарых багыттарында академиялык мобилдүүлүк программасы менен окуган активдүү студенттерден турган делегация келди. Аларды окуу жайдын Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адитери жана жаштар комитети тосуп алды. Бул тууралуу ЖАМУнун жаштар комитетинин төрөгасы Адилет Усенов билдирди.

Делегацияны жетектеп келген Абдулбасит Ибрагимов, - “Биздин окуу жайга келүүбүздүн максаты 100 жылдык тарыхы бар Жалал-Абад мамлекеттик университети жөнүндө кеңири маалымат алуу жана окуу жайдын жаштар комитетинин ишмердүүлүгү менен таанышуу, аны менен катар эки окуу жайдын студенттери арасында достук мамилени бекемдеп биргеликте жакындан кызматашуу”,-дейт.

Атайын келген делегацияга ЖАМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адистери жана жаштар комитети окуу жайдын тарыхы, билим алуудагы мүмкүнчүлүктөр, окуу жайдагы жаштар саясаты жөнүндө кеңири айтып беришти.

 

  • ОШМУнун активдүү студенттеринен түзүлгөн делегация ЖАМУда
  • ОШМУнун активдүү студенттеринен түзүлгөн делегация ЖАМУда
  • ОШМУнун активдүү студенттеринен түзүлгөн делегация ЖАМУда