AVN







ДОСТУК КЕРБЕНИ УЮШТУРУЛДУ

ДОСТУК КЕРБЕНИ УЮШТУРУЛДУ
 Feb 6, 2018  1141

Жалал-Абад мамлекеттик университетине 5-фавралда Ош шаарынан «Инсан таануу» коомдук бирикмесинин ыктыярдуу мүчөлөрү Достук кербенин уюштуруп келишти. Кербендин жүрүшүндө жалпы 24 жаш улан-кыздар келип, аларды ЖАМУнун Жаштар комитети тосуп алган.

    ЖАМУнун Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усеновдун билдирүүсүндө, “Достук” кербенинин максаты эки тараптын жаштарынын ынтымагын чыңдоо, биргеликте иш-чараларды уюштуруу жана тажрыйба алмашуу. Ыктыярдуу жаштарга ЖАМУнун заманбап билим берүү системасы, Конфуций институту, Америка ордосу, окуу жайдын музейи  жана бир нече окуу корпустары тааныштырылды. Ошондой эле Б. Алыкулов атындагы драм театры, Жалал-Абад курорту жана башка кооз жерлер да көргөзүлдү.

   Жогорудагы кербендин максаты эки тараптын жаштары бири-бири менен пикирлешип, маалымат алмашуу. Андан сырткары идеялар менен бөлүшүп келечекте бирге иш алып баруу деп кошумчалай Жаштар комитетинин төрагасы.

  • ДОСТУК КЕРБЕНИ УЮШТУРУЛДУ
  • ДОСТУК КЕРБЕНИ УЮШТУРУЛДУ
  • ДОСТУК КЕРБЕНИ УЮШТУРУЛДУ
  • ДОСТУК КЕРБЕНИ УЮШТУРУЛДУ
  • ДОСТУК КЕРБЕНИ УЮШТУРУЛДУ
  • ДОСТУК КЕРБЕНИ УЮШТУРУЛДУ
  • ДОСТУК КЕРБЕНИ УЮШТУРУЛДУ
  • ДОСТУК КЕРБЕНИ УЮШТУРУЛДУ