AVN







ПРАКТИКАЛЫК САБАКТАР ИШКАНАЛАРДЫН ПРАКТИКАЛЫК БОРБОРУНДА ӨТҮЛӨТ

ПРАКТИКАЛЫК САБАКТАР ИШКАНАЛАРДЫН ПРАКТИКАЛЫК БОРБОРУНДА ӨТҮЛӨТ
 Nov 13, 2021  584

Экономикалык-юридикалык факультетинин “Экономика, эсеп жана каржы” кафедрасынын окутуучулары “Экономика” багытындагы студенттерге теория менен практиканы айкалыштыруу максатында, практикалык сабактарды Жалал-Абад шаарында жайгашкан ишканаларда өтүүнү колго алганын кафедра башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов билдирди.

БЭк-1-20,ФКк-1-20 тайпасынын студенттери “Статистика” предмети боюнча практикалык сабакты Жалал-Абад областтык статистика башкармалыгында өтүштү. Ишкананын иш кагаздары менен таанышып,тема боюнча керектүү формаларды толтурушту. Практикалык сабакты аспирант окутуучу Чыныгүл Орозова өтүү менен теория менен практиканын айырмасын айтып берди. Сабак учурунда ишкананын жетекчиси э.и.к., доцент Жандарали Садыралиев тема боюнча так статистикалык маалымат берди. Учурда кафедра ишканалар менен келишим түзүлгөнүн жана адистик боюнча  башка предметтер да өтүүлөрү айтылды.

  • ПРАКТИКАЛЫК САБАКТАР ИШКАНАЛАРДЫН ПРАКТИКАЛЫК БОРБОРУНДА ӨТҮЛӨТ