AVN

ЖАМУнун окутуучулары кесиптик аудитордун квалификациялык программасы боюнча биринчи деңгээлдеги сынактарды даярдоо жана өткөрүү боюнча сертификатка ээ болду

 Nov 13, 2021  520

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттин Экономикалык-юридикалык факультетинин «Экономика, эсеп жана каржы» кафедрасынын окутуучулары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан "Кесиптик аудитордун квалификациялык программасы боюнча биринчи деңгээлдеги сынактарды даярдоо жана өткөрүү" аттуу семинарга катышты. Бул тууралуу Экономикалык-юридикалык факультетинин деканы Айнура Аскарова билдирди.

 Семинарга К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин жана эл аралык заманбап университеттин жааматтары катышышты. Семинардын максаты ЖОЖдун окутуучуларына аудитордун 3-деңгээлдүү кесиптик квалификациясынын программасы жана биринчи деңгээлдеги экзамендерди даярдоо боюнча окуу программалар жөнүндө маалымат берүү. Семинарда төмөнкү темалар боюнча лекциялар өтүлдү: Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти реформалоо, Эл аралык билим берүү стандарттары (ЭББС)- International educational standards (IOS), кесиптик квалификациянын негизги элементтери, компетенциялар жана окуу натыйжалары, экзамендик тапшырмаларды даярдоого коюлган талаптар, студенттерди окутуунун жана экзамендик тапшырмалардын форматы боюнча кээ бир ыкмалар, «Финансылык эсеп», «Башкаруучулук эсеп», «Бизнес башкаруу жана технологиялар» курстары боюнча окутуу жана 1-деңгээлдик экзамендерди өткөрүү. Профессордук-окутуучулар жааматы тарабынан экзамендик тапшырмалардын сценарийлери даярдалды. Семинардын аягында окутуучулар тест тапшырып сертификаттарга ээ болушту.

  • ЖАМУнун окутуучулары кесиптик аудитордун квалификациялык программасы боюнча биринчи деңгээлдеги сынактарды даярдоо жана өткөрүү боюнча сертификатка ээ болду