AVN







Жалал-Абад колледжинде куратордук саат өткөрүлдү

Жалал-Абад колледжинде куратордук саат өткөрүлдү
 Nov 11, 2021  387

Жалал-Абад колледжинин “Автоматташтырылган системалар жана математика” ПЦКсынын БАС, ПОВТАС адистиктеринин 2-курстары үчүн окуу планына жана графигине ылайык куратордук ачык саат өткөрүлдү. Мында: AVN порталында иш алып баруу, студенттердин сабакка катышуусу, жетишүүсү, студенттердин укуктары, милдеттери, ЖАКтын ички тартиби жана ЖАКтын саясаты боюнча маселелер каралды. Бөлүмдүн башчысы Кочкорбаев Асилбек агай студенттердин укуктары жана милдеттери боюнча кеңири айтып өттү, ПЦК башчысы Калдарова Динара эжеке студенттердин сабакка катышуусу жана жетишүүсү боюнча АВНде белгиленүүсү боюнча кеңири маалымат берди. Студенттердин алдында келе жаткан модулдарды ийгиликтүү тапшырышын каалап кетишти. БАСк-2-20, БАСк-3-20 тайпаларынын кураторлору Арзыматова Чынара жана Полотова Алима эжекелер жана ПОВТАСк-01-21, ПОВТАСк-2-20, ПОВТАСк-3-30 тайпаларынын кураторлору Маманова Бүсадат, Исманова Тынара жана Пахридинова Элиза эжекелер өз слайддарын даярдап, проектордун жардамында демонстрациялоо менен түшүнүктүү жана кызыктуу өтүп беришти. Студенттер түшүнбөгөндөрүн кызыгуу менен сурап өздөрүнө пайдалуу жоопторду алышты. Куратордук саат студенттер үчүн пайдалуу жана кызыктуу болду.

  • Жалал-Абад колледжинде куратордук саат өткөрүлдү
  • Жалал-Абад колледжинде куратордук саат өткөрүлдү
  • Жалал-Абад колледжинде куратордук саат өткөрүлдү