AVN

Жалал-Абад колледжинин «Энергетика» ПЦКсынын «Электр менен камсыздоо», «Электр станциялары, тармактар жана системалар» адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн өндүрүштүк практикасын жыйынтыктоо конференциясы

 Nov 6, 2021  389

2021-жылдын 3-ноябрь күнү Жалал-Абад колледжинин «Электр менен камсыздоо», «Электр станциялары, тармактар жана системалар» адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн ЭСк-02-19, ЭСС-02-19 группаларынын өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга жалпы 35 студент катышып, өндүрүштүк практикада жасалган жумуштарынын презентациялашты.

            Конференцияга ЖАКтын өндүрүш практика боюнча директордун орун басары Үлпат Кайкиева, ЖАКтын өндүрүштүк практика жана карьеранын жетекчиси Майрам Осмонова, ЖАКтын “Табигый-техникалык” бөлүмүнүн башчысы Асылбек Кочкорбаев жана «Энергетика » ПЦКсы Сабира Шаимкулова, ошондой эле практика жетекчилери Г. Алимбаева, А. Курбанов, Э. Сайназаров, Х. Маматалиевалар катышышты.

             Өндүрүштүк практика “Жалал-Абадэлектро” ААКда, ушул мекеменин райондук электр тармактарында, “Жалал- Абад электр энергиясын сатуу” ишканасында жана “Жалал- Абад жогорку чыңалуудагы” ишканасынын бөлүмдөрүндө 15- сентябрдан 24-октябрга чейин өттү.

Конференциянын жүрүшүндө студенттердин отчет, күндөлүктөрүн көрүп жалпы жакшы баа берилди. Студенттердин отчет күндөлүктөрү жол карта менен дал келет. Аткарган жумуштарын сүрөт, слайд жана плакаттары менен презентациялашты.        

            Конференциянын соңунда студенттер тарабынан төмөнкүдөй сунуштар болду: Студенттердин райондорго практикага чыгуусуна чектөөнү алып таштоону сунушташты. Жалпысынан ЖАКтын өндүрүш практика боюнча директордун орун басары Үлпат Кайкиева жана ЖАКтын өндүрүштүк практика жана карьеранын жетекчиси Майрам Осмонова өндүрүштүк практикасын жыйынтыктоо конференцияга жакшы деген баа беришти.

  • Жалал-Абад колледжинин «Энергетика» ПЦКсынын «Электр менен камсыздоо», «Электр станциялары, тармактар жана системалар» адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн өндүрүштүк практикасын жыйынтыктоо конференциясы