AVN

ПЛАНЕТАДАГЫ ЭҢ БИЙИК ЧОКУНУ БАГЫНДЫРГАН ЭДУАРД КУБАТОВ ЖАМУда

ПЛАНЕТАДАГЫ ЭҢ БИЙИК ЧОКУНУ БАГЫНДЫРГАН ЭДУАРД КУБАТОВ  ЖАМУда
 Nov 5, 2021  390

Кечээ, Эверест тоосуна чыккан биринчи кыргыз Эдуард Кубатов Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук окутуучулук курамы, кызматкерлери жана студенттери менен жолукту.

Альпинист Эдуард Кубатовду окуу жайдын эмгек жамааты, студенттер жылуу тосуп алышты. Алгач окуу жайдын ректору, тех.и.д. профессор., Кеңешбек Усенов, Кубатовдун окуу жайга болгон кадамын кубаттап,- “Эдуард мырза, сиздин биздин окуу жайга келүүңүз жакшы саамалык болду. Кыргыз эли сиздей мыкты уулдары менен ар дайым сыймыктанат. Эверест тоосун багындыруу бул оңой иш эмес. Демек, биз жыйынтык чыгарсак болот. Максаты туура коюп, ага жетүү үчүн бар күчтү жумшап, аркага чегинбей аракет кылса адам ийгиликке жетет. Эверест тоосун багындырган жеңиш сиздики болсо, сыймык жалпы кыргыз мамлекетине таандык. Эми, Кыргызстандын ар бир жараны, планетадагы эң бийик чокуну биздин мекендеш Эдуард Кубатов багындырган деп сыймык менен айтып жүрүшөт”, - деди.    

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер Эдуард Кубатовго, сизде Эверестти багындыруу кыялы качан жаралды деген суроо салды. Анда ал, - “Бала кезимде калыптанган. Атам өзгөчө киши болчу, мага дайыма Эверест, Хан-Теңири чокулары, Кайлас тоосу тууралуу айтып берчү. Анын сөздөрү жүрөгүмө бекем сиңип калса керек, жаш кезимде Ысык-Көлдө кичинекей тоолорго чыгып алып өзүмдү Эверестке чыккандай элестетчүм. Эверестти багындыруу үчүн 2014-жылдан тартып кызуу даярдана баштадым. 2014-жылы биринчи жолу Чоң-Алайдагы Ленин чокусун багындыргам. Ал жерде абдан маанилүү жолугушуу болгон. Эверестке төрт жолу барган легендарлуу советтик альпинист Сергей Богомолов менен жолуктум. Чокудан түшүп келгенден кийин ал мага "сенин талантың бар экен, альпинизм менен алектенсең жакшы ийгиликтерди жаратасың" деди. Мен андан Эверестти да багындыра аламбы деп сурасам "багындырасың, мен буга толук ишенем" деп жооп берди. Ошондон бери катуу даярданып баштадым. 7 жылдын ичинде 5 чокуну багындырдым. Анткени Непалдын өкмөтү 7 миң метрден бийик эки чокуну багындырган альпинисттерге гана Эверестке чыгууга уруксат берет”, - деди.

Кызыктуу суроолор менен коштолгон жолугушуунун жыйынтыгында студенттер, Эдуард мырзанын айткан ар бир сөзү адамда шык жаратаарын, ал бийик чокуну багындырган өжөр альпинист эле эмес, күчтүү мотиватор экенин да баса белгилешти. Соңунда окуу жайдын ректору Эдуард Кубатовго ыраазычылыгын айтып атайын камдаган белегин тартуулады.  

 Эске салсак, Эдуард Кубатов планетадагы эң бийик чокуга жеткен экинчи кыргызстандык адам болуп калды. Буга чейин альпинист Дмитрий Греков 1997-жылдын 20-майында эл аралык экспедициянын курамында чыккан. Бул жылы "Эверест – Лхоцзе 2021" экспедициясынын уюштуруучулары Эдуард Кубатов Эверестке чыккан биринчи этникалык кыргыз экенин расмий жарыялаган.
 
  • ПЛАНЕТАДАГЫ ЭҢ БИЙИК ЧОКУНУ БАГЫНДЫРГАН ЭДУАРД КУБАТОВ  ЖАМУда