AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ HELLOWEEN МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ HELLOWEEN МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
 Nov 2, 2021  488

Жалал-Абад мамлкеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин Чет тилдер ПЦК сында 28-ноябрь күнү Америка, Британия элдеринин салты болгон Halloween майрамы белгиленди. Бул тууралуу майрамдын уюштуруучусу Назгул Айылчиева билдирди.    

Майрам колледждин экинчи курсунун студенттери арасында уюштурулуп, Хеллоуин майрамынын тарыхы жөнүндө слайддар көрсөтүлдү. Аны менен катар таланттуу студенттер ыр, бийлерди аткарып, келген конокторго атайын оюн-зоокторду тартуулашты. Соңунда мыкты костюм конкурсу боюнча жеңүүчүлөргө атайын белектер тартууланды.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай саамалык окуу жайда ар жылы уюштурулат. Иш-чаранын максаты студенттерди Америка, Британия элдеринин салты болгон Halloween   майрамынын тарыхы менен тааныштыруу жана  студенттердин англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.  

 

  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ HELLOWEEN МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ HELLOWEEN МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ HELLOWEEN МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ HELLOWEEN МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ