AVN







ЖАМУнун СТУДЕНТИ АЯНА ПАЙИЗОВА КЫРГЫЗСТАНДЫН 100 МЫКТЫ СТУДЕНТИНИН КАТАРЫНА КИРДИ

ЖАМУнун СТУДЕНТИ АЯНА ПАЙИЗОВА КЫРГЫЗСТАНДЫН 100 МЫКТЫ СТУДЕНТИНИН КАТАРЫНА КИРДИ
 Oct 31, 2021  524

Кыргызстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө карата Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган "Кыргызстандын 100 мыкты студенти-2021" конкурсунун жеңүүчүлөрү  аныкталды. Анда Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, медицина факультетинин, Фарм 1-18 тайпасынын студенти Аяна Пайизова III-даражадагы диплом жана төш белги  менен сыйланды.

Уюштуруучулардын айтымында, жолугушуу Бишкек шаарындагы жаңы ачылган инновациялык борбордо болуп, ага Кыргызстандагы  баардык окуу жайлардын  студенттери катышкан. Иш-чарада  КРнын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктигинин, жаштар ишин координациялоо жана өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Бердиев сынактын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн  куттуктады.

Иш-чарага “Аскар Салымбеков фонду” коомдук фондунун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов  “Жаштар жана билим”,  “Манас” театрынын башкы мүдүрү Азиз Биймырза уулу, Кыргызстан жаштарынын конгрессинин төрагасы Аскар Шайкидинов катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө “Жаштар жана коомдук активдүүлүк” деген темада  тегерек стол болуп, суроо-жооптор менен коштолду. Соңунда “Кыргыз мамлекетинин түптөөчү аталары жана Ата-Бейит баяны” деген темада баян жасалып, Ата- Бейит меомериалдык комплексине экскурсия жасалды.

  • ЖАМУнун СТУДЕНТИ АЯНА ПАЙИЗОВА КЫРГЫЗСТАНДЫН 100 МЫКТЫ СТУДЕНТИНИН КАТАРЫНА КИРДИ
  • ЖАМУнун СТУДЕНТИ АЯНА ПАЙИЗОВА КЫРГЫЗСТАНДЫН 100 МЫКТЫ СТУДЕНТИНИН КАТАРЫНА КИРДИ