AVN

ЧЕЛЯБИН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРУ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ

ЧЕЛЯБИН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРУ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ
 Oct 31, 2021  454

2021-жылдын 23-октябрында Челябин мамлекеттик университенин (ЧелГУ) философия илимдеринин доктору, профессор Сергей Колчигин Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун “Социалдык иш” адистигинин студенттерине, "Философия жана филология, маданияттын кесилишиндеги жолугушуулар” аталышындагы конок лекциясын онлайн форматында өттү.

Ага студенттер менен бирге Ш. М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук - окутуучулук курамынан Айгул Доранова, Марат Мамытов, Ырысгүл Кожоназарова, Адилет Усенов, Айжамал Аманкулова, доцент Гүлжамал Токтогулова катышты. Лекцияда философия илимдеринин доктору, профессор Сергей Колчигин көптөгөн философия багытындагы ойчулдар негизинен акын болгондугун, улуттук мурастарды ыр саптарына тизмектегендигин, анда терең философиялык ойлор, идеялар, көз караштар берилгендигин, келечек илими, илимий аспектиде изилдөө зарыл экендигин баса белгиледи. Ошондой эле келечектин илим изилдөөчүлөрү үчүн бирдиктүү ортолук тил болсо кандай болмок деген омоктуу ойду ортого таштады. Жалпысынан бүгүнкү конок лекцияга катышуу менен биз да кыргыз коомунун философиясынын өнүгүү эволюциясы тууралуу кийинки жолугушууларда баяндап берүү милдетин алдык.

Эске салсак, иш-чара ЧелГУнун Костонайдагы филиалынын СГЕНД кафедрасы менен биргеликте уюштурулган.

  • ЧЕЛЯБИН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРУ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ