AVN







“Элдик революциялар: жыйынтыктары жана сабактары” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү

“Элдик революциялар: жыйынтыктары жана сабактары” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү
 Apr 9, 2017  1363

2017-жылдын 6-апрелинде  Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгү,  Жалал-Абад шаардык мэриясы, Жалал-Абад мамлекеттик университети  биргеликте «Элдик революциялар: жыйынтыктары жана сабактары»деген аталыштагы  аймактык илимий-практикалык конференция өткөрүштү.

Илимий жыйынга аймактагы жогорку окуу жайлардынилимпоз тарыхчылары, саясат таануучулар, социологдор, философтор, табыгый-техникалык багыттын илимпоздору, шаардын жана областтын жетекчилери, революциянын катышуучулары катышышты.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өткөн конференциянын  жүрүшүндө окумуштуулар жана башка катышуучулар Кыргызстандын башынан кечирген эки элдик революциясынын себептери, жүрүшү, тарыхый мааниси, сабактары жана натыйжалары тууралуу илимий баяндамалары менен омоктуу ойлорун ортого салышты.

Конференциянын катышуучулары, Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы  элдик революциялардын маанисин жана мазмунун жогору кабылдоо менен өткөн коомдук жүрүмдөрдөн сабак алуу зарылдыгын эске алып, адилеттүү, күчтүү жана демократиялык кыргыз коомун  курууда бул жогорудагы сабактарды колдонууну жана төмөнкү милдеттерди аткарууну сунушташты:

  1. Кыргыз мамлекетинде болуп өткөн элдик революциялардын сабактарын өлкөбүздүн тарыхындагы маанилүү окуялар катары мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун институттары, илимий чөйрө эске алып жана терең  үйрөнүп, бул сабактарды демократиялык өнүгүү жолундагы жана көз карандысыз, күчтүү гүлдөгөн Кыргызстанды куруу үчүн колдонууну улантуусу өзгөчө маанилүү;
  2. Демократиялуу Кыргызстандын тарыхындагы элдик революциялардын мааниси, ролу жана жыйынтыктары жөнүндө тарыхый, философиялык, социологиялык, саясат таануучулук ж.б. изилдөөлөрдү комплекстүү жүргүзүүнү улантуу;
  3. Кыргызстандагы элдик революциялар тууралуу массалык маалымдоо каражаттарында  жана социалдык тармактарда  эркин жарыялоо үчүн аларды калыс, адилеттүү, ар тараптуу жана комплекстүү маалыматтар менен камсыздоо зарылдыгын баса белгилешти.
  4. Жаштарга  тарбия берүүдө революциянын сабактарын түшүндүрүү жана аларды адеп-ахлакка, ыйманга, сабаттуулукка, билимдүүлүккө, кесипкөйлүүлүккө, коммуникативдүү жана мобилдүү болууга үндөө коомду зарылдык катары белгиленет.

 

 

Жалал-Абад шаары 2017-жыл, 6-апрель