AVN







ЖАШТАР – ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮСҮНҮН НЕГИЗГИ ЛОКОМОТИВИ

ЖАШТАР – ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮСҮНҮН НЕГИЗГИ ЛОКОМОТИВИ
 Oct 29, 2021  585

2021-жылдын 25-26-октябрында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда “Жаштар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви!” деген ураандын астында республикалык жаштар конгресси болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты – жаштарга багыт көрсөтүү, жаңы коомдук долбоорлор менен таанышуу жана жаштардын демилгелерин колдоого багытталган. Конгресстин алкагында келечектин ээлери аталган жаштардын бүгүнкү көйгөйлөрү жана эртеңки өнүгүү жолдору талкууланды. Республикалык “Жаштар конгрессине” өлкөбүздүн баардык аймактарынан жаштар, жогорку окуу жайлардын жаштары жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнөн турган делегаттар катышышты. Жогорудагы делегаттардын курамын Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жаштар комитетинин төрагасы, жаш окутуучу Адилет Усенов толуктады.

Конгресстин жүрүшүндө жаңы социалдык долбоорлор, жаштар демилгелери жана Кыргыз Республикасында жаштар саясатын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү талкууланды. Мындан тышкары жаштар менен жандуу пикир алмашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов, Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү И.Т.Гаипкулов катышты.

Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар багыты боюнча 6 (алты) айлык отчету угулду. Мындан сырткары иш-чара Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова, белгилүү коомдук ишмерлер жана жаш активисттер катышышты. Конгресстин алкагында катышуучулар үчүн “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине зыярат уюштурулду.

  • ЖАШТАР – ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮСҮНҮН НЕГИЗГИ ЛОКОМОТИВИ
  • ЖАШТАР – ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮСҮНҮН НЕГИЗГИ ЛОКОМОТИВИ
  • ЖАШТАР – ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮСҮНҮН НЕГИЗГИ ЛОКОМОТИВИ