AVN

КАЗАНЬ ФЕДЕРАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРЛОРУ ЖАМУНУН ЭКОНОМИКАЛЫК-ЮРИДИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИНЕ ЛЕКЦИЯ ОКУШТУ

КАЗАНЬ ФЕДЕРАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРЛОРУ ЖАМУНУН ЭКОНОМИКАЛЫК-ЮРИДИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИНЕ ЛЕКЦИЯ ОКУШТУ
 Oct 28, 2021  547

Ушул жылдын 18-октябрында Казань федералдык университетинен келген делегация, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетнин студенттери менен окутуучуларына "Казань федералдык университети, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн Эл аралык рейтингдеринде алдыга жылдыруу тажрыйбасы" деген темада конок лекциясын өтүштү.

Анда Татарстан Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Билим берүү сыйлыгынын лауреаты, Казань Федералдык университетинин Менеджмент, экономика жана финансы институтунун директору, профессор, экономика илимдеринин доктору Наиля Багаутдинова, директордун орун басары, социология илимдеринин кандидаты, доцент Оксана Виктор Полякова, "Географиялык жана экологиялык билим берүүнүн теориясы жана методикасы" кафедранын башчысы, география илимдеринин кандидаты, доцент Руслан Уленговдор болушту.

Экономикалык-юридикалык факультетинин деканы Айнура Аскарова жолугушуунун жүрүшүндө илимий жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкуулангандыгын, талкуунун жүрүшүндө биргелешкен илимий программаларды жана долбоорлорду түзүү, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу үчүн курстарды уюштуруу, студенттер менен окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүктү камсыз кылуу боюнча сунуштар айтылдыгын билдирди.

  • КАЗАНЬ ФЕДЕРАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРЛОРУ ЖАМУНУН ЭКОНОМИКАЛЫК-ЮРИДИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИНЕ ЛЕКЦИЯ ОКУШТУ