Жалал-Абад колледжинин Мектепке чейинки билим берүү жана Социалдык иш адистигинин студенттери менен биргеликте окутуучулар курамы Сузактагы улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык мекемесине материалдык жардам (акчалай) жана концерттик программа менен барып келишти. Бул тууралуу МЧББ жана Социалдык иш ПЦКнын башчысы Айнагуль Ташматова билдирди.
Анда студенттер ал жайда жашап жаткан улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен жакындан баарлашты. Ал тургай аталган мекемеде жашап баш кошкон бактылуу түгөйлөр менен да пикир алмашып, мындан ары да кабар алып турушаарын айтышты. Студенттер менен эжей-агайлардын бул аракетине кубанган аксакалдар менен мекеменин жетекчиси Аида Байышбекова Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад колледжинин жалпы жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.
Эске салсак, Сузактагы улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык мекемеси 120 кишиге ылайыкташкан, учурда ал жайда 83 киши дарыланып жашап келүүдө.