AVN

НООКЕН РАЙОНУНДА КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫН ӨТӨП ЖАТКАН ЭЛЗАДА КАНЫЕВАДАН КАБАР АЛДЫК

НООКЕН РАЙОНУНДА КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫН ӨТӨП ЖАТКАН ЭЛЗАДА КАНЫЕВАДАН КАБАР АЛДЫК
 Oct 28, 2021  405

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин Кт-1-18 тайпасынын студенти Элзада Каныева азыркы учурда Ноокен районундагы №34 "Жазгак" орто мектебинде кесиптик-профилдик практикасын өтөп жатат. Бүгүн, 2021-жылдын 27- октябрында кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к. Анара Кадырова аталган билим берүү мекемесинде болду. Анда практиканттын 5-"А" классында  кыргыз адабияты предмети боюнча А.Токомбаевдин "Жетим менен сыйкырчы" жана кыргыз тили предмети боюнча "Суроолуу сүйлөм" деген темада өткөн ачык сабактарына катышты. Сабак аяктагандан кийин мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин катышуусунда   талдоо жүргүзүлүп, практиканттын студенттин сабакка даярдыгы, сабак учурундагы иш- аракетине баа берилип, кеп кеңештер айтылды.

Филология факультетинин  кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Гүлбайра Ашимбаева, - “Кт-1-18 тайпасынын студенттери 2021- жылдын 11- октябрында окуу планына ылайык кесиптик- профилдик практикасын өтөө үчүн жиберилген. Практиканын 4-жана 5-жумалары мектеп окуучуларынын күзгү каникулдарына туш келип калгандыктан кафедра жамаатынын чечими менен ачык сабактар практиканын 3 - жумасына пландаштырылган”-деп билдирди.

  • НООКЕН РАЙОНУНДА КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫН ӨТӨП ЖАТКАН ЭЛЗАДА КАНЫЕВАДАН КАБАР АЛДЫК