AVN







Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелеринде мамлекеттик тилди эне тил жана экинчи тил катары окутуунун жана өркүндөтүүнүн концепциясынын долбоорун талкуулоо

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелеринде мамлекеттик тилди эне тил жана экинчи тил катары окутуунун жана өркүндөтүүнүн концепциясынын долбоорун  талкуулоо
 Oct 28, 2021  376

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясы Кыргыз Республикасынын билим берүүнү өнүктүрүү программаларын (2021-2040-жж.) ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-2023-жылдарга карата иш планынын 131-пунктуна ылайык Мамлекеттик тилди эне тили жана экинчи тил катары окутуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун өркүндөтүлгөн концепцияларынын долбоорун КББА тарабынан бекитилген атайын жумушчу топ иштеп чыккан. Долбоор 2021-2022-окуу жылынын Август кеңешмелерине карата методикалык сунуштар боюнча өткөрүлгөн шаардык, облустук, райондук билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен онлайн жолугушууда атайын концепциялар боюнча маалымат берилип, мазмуну талкууланган.

            Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасында кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун өркүндөтүлгөн концепциясынын долбоорун талкуулоонун зарылдыгы эске алынып, кафедранын профессордук-окутуучулар курамынын мүчөлөрү долбоор менен таанышып, анын мазмуну боюнча ой-пикирлерин билдиришти.

Жыйынтыгында, кыргыз тилин жана адабиятын окутуу боюнча эмгектер (окуу китептери, окуу куралдары, жумушчу программалар, силлабустар ж.б.) концепциянын принциптеринин негизинде кайрадан иштеп чыгуусу ар бир кафедра мүчөсүнө милдеттендирилди. Концепциянын максатын ишке ашыруу үчүн ар бир окутуучу тарабынан аткарылуучу иш-чаралардын конкреттүү пландары иштелип чыгуусу белгиленди.

  • Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелеринде мамлекеттик тилди эне тил жана экинчи тил катары окутуунун жана өркүндөтүүнүн концепциясынын долбоорун  талкуулоо
  • Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелеринде мамлекеттик тилди эне тил жана экинчи тил катары окутуунун жана өркүндөтүүнүн концепциясынын долбоорун  талкуулоо