AVN







ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК ЭМГЕК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫБЫЗ КЫЗЫП БАРАТАТ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК ЭМГЕК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫБЫЗ КЫЗЫП БАРАТАТ
 Oct 21, 2021  433

Жалал-Абад колледжинин Педагогика жана социалдык иштер бөлүмүнүн «Социалдык иш» адистигинин (окуу-таанышуу, өндүрүштүк жана мамлекеттик) практикасын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен эки тараптуу келишимге кол коюлду. Келишимде эки тараптын милдеттери жана шарттары каралган. Бул тууралуу ЖАКтын предметтик циклдык комиссиянын төрайымы Айнагүл Ташматова билдирди.

Белгилей кетсек, ЖАКтын социалдык иш адистигинин студенттери бул убакытка чейин да аталган мекемеде практика өтөп келишкен. Практика өтөөнүн жыйынтыгында студенттер мактоо баракчалары жана ыраазычылык кат менен сыйланышкан. Мындан сырткары, ЖАКтын “Социалдык иш” адистигинин бүтүрүүчүлөрү практикада өздөрүн мыкты сапаттарын көрсөтүү менен Диана Камалова, Аксаамай Каныбекова жана башка бир топ студенттер ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болгон.

 

  • ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК ЭМГЕК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫБЫЗ КЫЗЫП БАРАТАТ
  • ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК ЭМГЕК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫБЫЗ КЫЗЫП БАРАТАТ