AVN







ТАЗАЛЫК- АР БИРИБИЗДЕН БАШТАЛАТ

ТАЗАЛЫК- АР БИРИБИЗДЕН БАШТАЛАТ
 Oct 21, 2021  450

Айлана-чөйрөнүү жашылдандыруу, көрктөндүрүү  жана тазалоонун үч айлыгынын алкагында Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде, студенттер  арасында ар жума ишембилик өткөрүлүп жатат. 

Аталган колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Гүлнара Темирбаева окутуучуларга, студенттерге, көмөкчү кызматкерлерге түзүлгөн графиктин негизинде жерлерди бөлүп берген. Алар, өздөрүнө бөлүнгөн жерлерди тазалоо менен бирге, шаардагы Олимпийский, Фабричная, Р.Азимова, А.Орозбаев, М.Ботбаев  көчөлөрүндөгү таштандыларды   терип,  иретке  келтиришти.

 Гүлнара Темирбаеванын айтымында, медициналык окуу жайдын студенттери “Тазалык-ар бирибизден башталат” деген ураан менен  мамлекеттин өнүгүшүнө аз да болсо өз салымдарын кошууну максат кылышат.

  • ТАЗАЛЫК- АР БИРИБИЗДЕН БАШТАЛАТ
  • ТАЗАЛЫК- АР БИРИБИЗДЕН БАШТАЛАТ
  • ТАЗАЛЫК- АР БИРИБИЗДЕН БАШТАЛАТ
  • ТАЗАЛЫК- АР БИРИБИЗДЕН БАШТАЛАТ
  • ТАЗАЛЫК- АР БИРИБИЗДЕН БАШТАЛАТ
  • ТАЗАЛЫК- АР БИРИБИЗДЕН БАШТАЛАТ
  • ТАЗАЛЫК- АР БИРИБИЗДЕН БАШТАЛАТ
  • ТАЗАЛЫК- АР БИРИБИЗДЕН БАШТАЛАТ