AVN







УЛГАЙГАН АДАМДАРГА КАМКОРДУК АКЦИЯСЫ УЛАНУУДА

УЛГАЙГАН АДАМДАРГА КАМКОРДУК АКЦИЯСЫ УЛАНУУДА
 Oct 21, 2021  385

      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237  “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун Эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү” токтомун турмушка ашыруу максатында кабыл алынган  1-октябрь – “Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө”  карата  15-сентябрдан 15-октябрга  чейин –“Улгайган  курактагы адамдарга көңүл буруу  жана камкордук”  акциясынын алкагында медициналык колледжинин окутуучулары жана студенттери  тарабынан социалдык колдоого муктаж улгайган адамдарга жардам  берүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында медициналык колледждин окутуучулары менен студенттери Сузак районунун аймагында жашаган, мүмкүнчүлүгү чектелген, жардамга муктаж жарандарга күнүмдүк тамак ашка керектелүүчү азык түлүк жеткиришти.    Колледждин тарбия иштер боюнча директордун орун басары Гүлнар Темирбаева улгайган жана мүмкүнчүлүгү  чектелген инсандарды куттуктап, - “Колледждин окутуучулары жана студенттери, улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарга жардам берүү иш –чарасын  жыл сайын өткөрүп келебиз. Улууларды сыйлоо улуттук иш!” – дейт.

  • УЛГАЙГАН АДАМДАРГА КАМКОРДУК АКЦИЯСЫ УЛАНУУДА
  • УЛГАЙГАН АДАМДАРГА КАМКОРДУК АКЦИЯСЫ УЛАНУУДА
  • УЛГАЙГАН АДАМДАРГА КАМКОРДУК АКЦИЯСЫ УЛАНУУДА