AVN

КЫРГЫЗ ЭЛ АРТИСТИ, ЭЛЧИ ИБРАГИМ ЖУНУСОВ ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ НААМЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

КЫРГЫЗ ЭЛ АРТИСТИ, ЭЛЧИ ИБРАГИМ ЖУНУСОВ ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ НААМЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ
 Oct 20, 2021  456

Кыргыз Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусовдун 60 жылдык юбилейине арналган иш-чара  Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде белгиленди.

Иш-чарага, окуу жайдын ректору тех.и.д., прфессор Кеңешбек Усенов, Эл артисти Ибрагим Жунусов, Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Апсатар Сыргабаев, окуу жайдын профессордук окутуучулар курамы жана студенттер катышты. Окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов Эл артисти Ибдрагим Жунусовду 60 жаш кутман курагы менен куттуктап, - “ Жалал-Абад мамлекеттик университети сиз үчүн бөтөн эмес. Бир учурда мына ушул окуу жайда катардагы окутуучу болуп эмгектенгенсиз. Биз сизди ар дайым сыймык менен айтып келебиз. Ал эмес сиздин Жалал-Абад шаарын даңазалап жазган ырыңыз бүгүн да өзүнүн популярдуулугун жоготкон жок. Эламан деген ырыңызды айтпасак да эл жакшы билет. Сизге бекем ден-соолук, берекелүү жашоо тилеймин. Аны менен катар биздин окуу жай сизге  Окумуштуулар кеңешинин 2021-жылдын 27-августагы №1 – токтомунун чечими менен  ЖАМУнун Ардактуу профессору деген наамын ыйгарабыз” – деди.

Эл артисти менен бир учурда бирге иштеген эжей-агайлар Ибрагим Жунусовдун мүнөзүн, аракетчилигин айтып, алдыдагы жашоосуна жакшылыктарды каалашты. Ал эмес, атайын камдаган белектерин тартуулашты. Жалал-Абаддагы белгилүү ырчы, обончулар авторго таандык обондуу ырларды аткарышты. Аны менен катар келген конокторго көгүлтүр экран аркылуу 30 жаштагы Ибрагим Жунусовдун 60 жашына жазган каты коюлду. Ал көпчүлүктүн купулуна толуп, студенттер автордон “Алтын апа” деген ырын аткарып берүүсүн суранышты. Студенттердин каалоосун орундаткан Ибрагим Жунусов “Алтын апа” деген ырын жандуу аткарып, окуу жайдын эмгек жамаатына өз ыраазычылыгын айтты.      

  • КЫРГЫЗ ЭЛ АРТИСТИ, ЭЛЧИ ИБРАГИМ ЖУНУСОВ ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ НААМЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ