AVN







КЕРЕКТӨӨЧҮ ӨЗ УКУГУҢДУ БИЛ

КЕРЕКТӨӨЧҮ ӨЗ УКУГУҢДУ БИЛ
 Oct 20, 2021  470

Кыргыз Республикасынын  «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде  студенттер арасында түшүндүрүү жана билимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин “Жарнак, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, адилетсиз атаандаштык жана эл аралык кызматташтык” бөлүмүнун башчысы Назина Алыкулова жана Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн адистери тарабынан 2021-жылдын 15-октябрында Экономикалык-юридикалык факультетинин  студенттерине “Керектөөчү өз укугунду  бил” темасында лекция  өтүлдү.

Лекцияда Кыргыз Республикасынын  «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамы  1997-жылдын 10-декабры № 90 негизинде кабыл  алынып, мыйзамга ылайык товарларды сатууда (иш аткарууда, кызмат көрсөтүүдө) керектөөчүлөр менен даярдоочулардын, аткаруучулардын, сатуучулардын ортосунда пайда болуучу мамилелерди жөнгө сала тургандыгы, сапаты жакшы жана керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз товарларды (иштерди, кызматтарды) сатып алууга, товарлар (иштер, кызматтар) жөнүндө жана аларды даярдоочулар (аткаруучулар, сатуучулар) жөнүндө маалымат алууга, агартууга алардын таламдарын мамлекет жана коомдук деңгээлде коргоого керектөөчүлөрдүн укуктарын белгилей тургандыгы, ошондой эле ушул укуктарды жүзөгө ашыруу механизмин аныктай тургандыгы  айтылды. Бул мыйзам коомду соодадагы монополиянын түзүлүшүнөн жана өнүгүшүнөн сактайт, ошондой эле кесепетинен адилет жана ак ниет атаандаштык нөлгө теңелип же тоскоолдукка учурай турган мыйзамсыз жана кемсинтүүчү практикага тыюу салган шарттарда атаандаштыкты сүрөйт жана колдой тургандыгы тууралуу дагы кеңири маалымат берилди.

Алынган маалыматты бышыктоо максатында интерактивдүү оюн уюштурулуп, студенттер үч топко бөлүндү: керектөөчүлөр, сатуучулар жана монополияга каршы уюм. Практикалык мисалдардын негизинде талкулоор жүргүзүлдүү деп билдирди Экономикалык-юридикалык факультетинин деканы Айнура Аскарова.

  • КЕРЕКТӨӨЧҮ ӨЗ УКУГУҢДУ БИЛ
  • КЕРЕКТӨӨЧҮ ӨЗ УКУГУҢДУ БИЛ
  • КЕРЕКТӨӨЧҮ ӨЗ УКУГУҢДУ БИЛ