AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИ МЕНЕН ОШМУНУН ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН КЫЗМАТТАШТЫГЫ УЛАНУУДА

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИ МЕНЕН ОШМУНУН ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН КЫЗМАТТАШТЫГЫ УЛАНУУДА
 Oct 20, 2021  361

Жалал-Абад колледжинин Педагогика жана социалдык иштер бөлүмүнүн «Социалдык иш» адистиги ОШМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин «Социалдык иш» адистигинин окутуучулар курамы жана студенттери менен жолугушту. Жолугушууга ОШМУнун ИПКнын «Кесиптик дисциплиналар» ПЦКсынын окутуучулары К.Темирова, А.Сулайманова жана 2-3-курсттун студенттери келишти.

Бул жолугушуунун негизги максаты эки окуу жайдын кызматташтыгын арттыруу жана алдыда бирге иш алып барууга пландарды түзүү болуп саналат.

ЖАКтын МЧББ жана социалдык иш ПЦКсынын башчысы А.А. Ташматова окутуучулар курамы жана студенттери менен ОшМУдан келген “Социалдык иш” адистигинин окутуучулары жана студенттерин Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун башкы имаратынан тосуп алды.  Ошондой эле ал өз сөзүндө “Эки окуу жайдын ортосундагы байланыш буга чейин эле активдүүу ишке ашып, окутуучулар жана студенттер ортосунда жолугушуу жүрүп келген, пандемия шартында онлайн ага чейин офлайн шартында конок-лекцияларды уюштуруп келгендигин. Мындан ары да байланышты бекемдөө үчүн көптөгөн иш-чараларды биргеликте ишке ашыруу үчүн пландарды сунуштады”.

«Негизи, эки окуу жайдын алакасын арттыруу үчүн мобилдүүлүк программаны жөнгө салып, окутуучулардын жана студенттердин алмашып окуусуна көңүл бурушубуз керек. Биздин иш үстүндөгү келишимибиз кагаз үстүндө калбастан, конкреттүү ишке ашуусун каалайм», - деди ИПКнин окутуучусу К.Темирова.

        Жолугушуунун алкагында ушул сыяктуу бир канча маселелер талкууланып, жетекчилер билим берүүнү өнүктүрүү боюнча алдыда бирге кызматташууну
пландашты.
 

Натыйжада

  • студенттер бири бири менен жакындан таанышуу, ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө жетише алышты.
  • Негизги билим берүү программаларын иш жүзүнө ашырууда сапатты камсыз кылуу боюнча окутуучулардын жана студенттердин ой-пикирлерин угулду;
  • ЖАКта жана ИПКда билим берүүнүн сапатынын жетишкендиктери жана жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды;
  • Социалдык маселелер жана студенттеринин сунуштары угулду.
     

 

  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИ МЕНЕН ОШМУНУН ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН КЫЗМАТТАШТЫГЫ УЛАНУУДА
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИ МЕНЕН ОШМУНУН ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН КЫЗМАТТАШТЫГЫ УЛАНУУДА