AVN







МАГИСТРАТУРА – КЫЯЛДАГЫ МАКСАТТАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУЧУ БАСКЫЧ

МАГИСТРАТУРА – КЫЯЛДАГЫ МАКСАТТАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУЧУ БАСКЫЧ
 Oct 20, 2021  359

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2021-жылдын 16-октярбында 1-курстун магистранттары үчүн “Магистратура – кыялдагы максаттарды ишке ашыруучу баскыч” аталыштагы семинар Эл аралык байланыштар бөлүмүндө аралаш (офлайн+онлайн) форматта өткөрүлдү.

Семинарга окуу жайдын профессордук окуутучулук курамы, 1-курстун магистранттары жана жетектөөчү окумуштуулар катышты. Алгач университеттин окуу иштери боюнча проректору, тех.и.д., профессор Атабек Алибаев магистранттарды куттуктап, аларга ийгилик каалады. Негизги баяндамачы ф.и.к., доцент, магистратура жана phd докторантура бөлүмүнүн башчысы Дилбар Чокоева “ЖАМУга көп деңгээлдүү билим берүү саясаты” деген темада баяндама жасады. Ал эми, тех.и.д, инженердик академиянын академиги пофесссор Абдуимаматкадыр Аширалиев сөз сүйлөп магистранттарды куттуктады. Иш-чара андан ары суроо-жооп менен улантылды. Семинардын жүрүшүндө кафедра башчылары магистранттарды өз багыттары боюнча жакындан тааныштырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

 

  • МАГИСТРАТУРА – КЫЯЛДАГЫ МАКСАТТАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУЧУ БАСКЫЧ