AVN







ИНДИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ИНДИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Feb 1, 2018  969

    Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина факултетинде окупр жаткан чет өлкөлүк студенттер “Индия Республикасынын күнү” майрамын белгилешти.

    Майрамда индиялык студенттер өздөрүнүн улуттук желегин көтөрүп, анын жанында туруп мамлекеттик гиминин ырдашты.

   Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, турмуштун чоң жолуна аттанып, алыста билим алып жаткан жаштар ата-мекендик майрамды унутпастан майрамдашты.  Индия Республикасынын күнү ар жылы 26-январь күнү белгиленип келет. Аталган майрам 1950-жылдын 26-январынан бери Республикалык Конституциянын кабыл алынган күнү катары белгиленет.

     ЖУМУда билим алып жаткан жаштар да бул күнү студенттер улуттук ыр- бийлерди аткарып  майрамдык маанай тартуулашты. Ошондой эле желектин сүрөтү түшүрүлгөн торт жасалып,  катышуучуларга тартууланды,  майрамга жалпы 1000ге жакын студент күбө болду.

  • ИНДИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ИНДИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ИНДИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ИНДИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ИНДИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ