AVN







ЖАМУнун БИЯЛОГИЯ КАФЕДРАСЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫН ӨТӨӨГӨ КЕТИШТИ

ЖАМУнун БИЯЛОГИЯ КАФЕДРАСЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫН ӨТӨӨГӨ КЕТИШТИ
 Oct 20, 2021  461

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Табигый-техникалык факультетинин Биология кафедрасында,  Б-1-18 тайпасын кесиптик-профилдик практикасына жөнөтүү боюнча конференция болуп өттү.

Конференцияга Биология кафедрасынын окутуучулары, өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси
Нурия Жолдошалиева жана Б-1-18-тайпасынын студенттери катышышты. Конференциянын жүрүшүндө, практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Нурия Жолдошалиева студенттердин 18-октябрдан тартып, 25-декабрга чейин созулган 11 жумалык  кесиптик-профилдик практикасын эң мыкты деңгээлде өтөп келишин айтып, студенттерге ийгилик каалады.

Ошондой эле окутуучулар студенттерге практиканын эрежелерин жана кандай иш-кагаздар керектелишин айтып, түшүндүрүштү. Биялогия кафедрасынын башчысы Карачач Асанова,- “Бөлүнгөн практика жетекчилери практиканын жүрүшүн  көзөмөлгө аласыңар. Ал эми студенттер сиздер өндүрүштүк практикаңарды татыктуу өтөгүлө!” – деди.

 

  • ЖАМУнун БИЯЛОГИЯ КАФЕДРАСЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫН ӨТӨӨГӨ КЕТИШТИ
  • ЖАМУнун БИЯЛОГИЯ КАФЕДРАСЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫН ӨТӨӨГӨ КЕТИШТИ
  • ЖАМУнун БИЯЛОГИЯ КАФЕДРАСЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫН ӨТӨӨГӨ КЕТИШТИ