AVN

COVID-19: КОВИДГЕ КАРШЫ ЭМДӨӨ УЧУРДУН МААНИЛҮҮ МАСЕЛЕСИ

 Oct 11, 2021  460

Бүгүн Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик унивеситенин алдында уюштурулган медициналык пункттун кызматкерлери менен шаардагы №1 үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Луара Самадиярова окуу жайдын студенттери менен жолугушту. Жоолугушууда COVID-19 деген эмне? Анын симптомдору кандай? Эмне үчүн корона вируска каршы эмдөөдөн өтүшүбүз керек? Эмдөөнүн алдында эмнеге көңүл буруу зарыл? Вакцинаны албай койсо, кесепети кандай болот деген суроолор боюнча кеңири маалымат берилди жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушунун жүрүшүндө студенттер вакцинанын кайсыл түрүн алса адам организмне пайдасы көбүрөөк? Эмдөөдөн өткөн соң вирус жукпайбы? Эмдөөдөн соң ооруп калбайбызбы, ооруп калсак ким жооп берет?  ж.б.у.с. суроолорго кызыгышып жоопторду алышты. Үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Луара Самадиярова студенттердин баардык суроолоруна  жооп берди. Ошол эле учурда башка өлкөлөрдө да массалык түрдө эмдөө жүрүп жатканын, ал эмес эмдөөдөн өтпөгөн жарандар коомдук жайларга кире алышпай жаткандыктарын айтып, - “Биз ар бирибиз ден-соолугубуз үчүн кам көрүшүбүз керек. Социалдык желелер аркылуу таратылып жаткан жалган маалыматтарга ишенбегиле. COVID-19 илдетине каршы бүткүл дүйнө күрөшүп жатат. Биз эч кимди мажбурлай албайбыз. Тандоо өзүңүздөрдө, бирок бир нерсени унутпагыла, бүгүн мамлекет жарандар үчүн кам көрүп акысыз берип жаткан вакцина эртең чоң акчага сатылышы мүмкүн. Андыктан туура ойлонуп, туура чечим чыгарыңыздар” – деди.

Окуу жайдын алдында уюшулган медициналык пункттун дарыгери Нурсулуу Ибраимова корона вирус илдетине каршы эмдөө окуу жайда алгылыктуу аткарылып жатканын айтты. Аны менен катар үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери менен чогуу студенттерге түшүндүрүү иштери окуу жайдын баардык факультеттеринде, колледждеринде жана бөлүмдөрүндө болоорун кошумчалады. 

  • COVID-19: КОВИДГЕ КАРШЫ ЭМДӨӨ УЧУРДУН МААНИЛҮҮ МАСЕЛЕСИ