AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНЕН 68 СТУДЕНТ ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАГА КЕТТИ

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНЕН 68 СТУДЕНТ ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАГА КЕТТИ
 Oct 11, 2021  435

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинен, 68 студент педагогикалык практикасын өтөө үчүн шаардагы жана областагы билим берүү мекемелерине жөнөтүлдү. Алар чет тили адистигинин Атк-2-19, Атк-3-19, Атк-01-20, тайпаларынын студенттери.

Аларды практикага жөнөтүү боюнча атайын конференция болуп өттү. Ага окуу жайдын практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нурия Жолдошалиева, Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк практика иштери боюнча директордун орун басары Үлпат Кайкыева чет тилдер ПЦКсынын практика жетекчилери жана студенттер катышышты.

Конференцияда жетекчилер тарабынан студенттерге практика өтөөнүн максаттары жана милдеттери, сабак өтүүнүн структурасы боюнча маалымат берилди. Аны менен катар аларга жол карта жана күндөлүк жазуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Конферецияда студенттер практика боюнча берген суроолоруна адистер тарабынан  жоопторду алышты. Аларга азыркы кырдаалга байланыштуу, санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо нормалары жөнүндө да кеңири түшүндүрмө берилди.

 

  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНЕН 68 СТУДЕНТ ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАГА КЕТТИ