AVN







ЖАМУнун ПРОФЕССОРУ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН АРДАК ГРАМОТАСЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

ЖАМУнун ПРОФЕССОРУ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН АРДАК ГРАМОТАСЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ
 Oct 11, 2021  475

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу бөлүмүнүн башчысы, б.и.д, профессор Зульфия Сакбаева Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын кызматкерлеринин күнүнө карата ЖКнын ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлыкты окуу жайдын ректору тех.и.д., профессор Кеңешбек Усенов тапшырды.

Зулфия Сакбаева билим берүү тармагындагы эмгек жолун 1998-жылы ЖАМУнун экалогия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасында үйрөнчүк окутуучу кызматынан баштаган. Учурда окуу жайдын окуу бөлүмүн жетектейт. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен «Экология» адистиги боюнча «Доцент» окумуштуулук наамын алган.

Эл аралык программалардын бир нече жолку стипендианты: ДААД, Германия (2007); ОЕАД, Австрия (2010); ДААД, Германия (2010); CRC CEU, Венгрия (2011); Фулбрайт, АКШ (2011-2012), ДААД, Германия (2017). Илимий-изилдөө иштерин көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин лабораторияларында жүргүзгөн.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын илим жана Билим берүү министирлигинин Ардак Грамотасы (2011) жана Билим Берүүнүн Мыктысы төш белгиси (2013) менен сыйланган.

  • ЖАМУнун ПРОФЕССОРУ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН АРДАК ГРАМОТАСЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ
  • ЖАМУнун ПРОФЕССОРУ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН АРДАК ГРАМОТАСЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ