AVN

ТАЗАГҮЛ ЗАКИРОВА ЖАМУнун АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ БОЛДУ

ТАЗАГҮЛ ЗАКИРОВА ЖАМУнун АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ БОЛДУ
 Oct 9, 2021  546

Жалал-Абад шаарындагы Б. Алыкулов атындагы драм театрында кыргыз Эл акыны Тазагүл Закированын “Сезим ыргактары” аттуу адабий-музыкалык чыгармачылык кечеси болуп өттү. Анда Эл акыны Тазагүл Закировага Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2021-жыл 27-августь №1-токтомунун чечими менен Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.

    Кечеге Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлкекеттик университетинин социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча боюнча проректору Айгул Доранова, университеттин доктарантура жана магистратура бөлүмүнүн башчысы ф.и.к., децент Дилбар Чокоева жана окуу жайдын маданий-эстетикалык борборунун адиси, маданияттын мыкты кызматкери Нурбек Шамуратов катышты.            

Эске салсак, Т.Закированын чыгармачылыгы жɵнүндɵ адабиятчылардын 60 тан ашуун сын пикирлери, макалалары кыргыз-орус тилинде борбордук, республикалык гезит-журналдарга жарыяланып, анын чыгармачылык дараметинин жогорулашына шарт түзүлгɵн. Акындын азыркы мезгилде Кыргызстан, Ата мекен тууралуу ырларына жазылган 100 гө жакын обондуу ырлары эл арасында ырдалып, Кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталууда.

  • ТАЗАГҮЛ ЗАКИРОВА ЖАМУнун АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ БОЛДУ