AVN







КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА АРДАГЕР ОКУТУУЧУЛАР СЫЙЛАНЫШТЫ

КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА АРДАГЕР ОКУТУУЧУЛАР СЫЙЛАНЫШТЫ
 Oct 9, 2021  677

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде көп жылдардан бери эмгектенип, жаш муундарды тарбиялоого, билим берүүгө өз өмүрлөрүн арнаган ардактуу профессор-окутуучулар жана кызматкерлер 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата сыйланышты. Сыйлык тапшыруу аземинде окуу жайдын ректору тех.и.д, профессор Кеңешбек Усенов, - “Урматтуу ардагер агай-эжейлер, сиздер окуу жайдын түптөлүшүнө, өнүгүүсүнө, келечек муундун татыктуу билим алуусуна өмүрүңүздөрдү арнадыңыздар. Бүгүн да аксакалдык акыл кебиңерди айтып, балдарга татыктуу тарбия, билим берип жатасыздар. Биз сиздер менен менен ар дайым сыймыктанабыз жана сиздердин кеп кеңешиңиздерге таянабыз. Баарыңыздарды 1-октябрь Эл аралык каарылар күнү, 5-октябрь Бүткүл дүйнөлүк мугалимдердин кесипттик майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Сиздерге бекем ден-соолук, берекелүү өмүр, дөөлөттүү карылык тилеймин” - деди.

Ошондой эле ардагер агай-эжейлердин талыкпаган зор эмгектерин эске алып, майрамдык белек максатында ректордун  2021-жылдын 20-сентябрында №239 сандуу буйругуна ылайык төмөндөгү профессор-окутуучуларды жана кызматкерлерди 1000 (миң сом) сомдон акчалай сыйлык  менен сыйлады. Ал акча каражаты ар биринин банкттык карталарына которулду.

  1. Алыбаев Курманбек Сарманович  - ПМТФ
  2. Сулайманов Эртабылды  Жолдошевич  - ПМТФ
  3. Айдаркулов Кадыркул Кадыркулович - ПМТФ
  4. Кыдыралиев Сабиржан Кыдыралиевич – ПМТФ
  5. Назаралиева Эркайым – ПМТФ
  6. Ураимхалилова  Аширхон – ПМТФ
  7. Зулпукаров Аманкул Зулпукарович   - ЭЮФ
  8. Турдубеков Бекижан – ЭЮФ
  9. Аширалиев Абдиумаматкадыр  - ТТФ
  10.  Аманкулова Талчакан Кайыпжановна    - ТТФ
  11. Асанова Карачач Асановна – ТТФ
  12. Орозбаев Болотбек Суюналыевич – ТТФ
  13. Алыбеков Эмилбек – ТТФ
  14. Кожалиев Алайчы Кожалиевич - МФ
  15. Эшмуратов Абдурахман  - МФ
  16. Матсаков Каныбек Сулайманкулович - МФ
  17. Абдраманов Калдарбек Алишерович - МФ
  18. Оморов Айтмамат - ФФ
  19. Абдувалиев Ибраим – ФФ
  20. Кадырова Анара -ФФ
  21. Божуева  Эркингул Мусуралиевна - ФФ
  22. Асылбекова Дамира - ФФ
  23. Эшиев Асылбек -ФФ
  24. Калманбетова Гүлсүнай Сагынбаевна  - ЖАК
  25. Садыкова Наказа - ЖАК
  26. Осмонова Фарида Султанкуловна    - ЖАК
  27. Куваков Жеңишбек Мамадалиевич   - ЖАК
  28.  Разаков Мазакбай - ЖАК
  29. Козубаев Маматазим   - ЖАК
  30. Торобекова Минаим Тойчубаевна - ЖАК
  31. Тороева Кайринса Омошовна – ЖАК
  32. Сайназаров Элеман Камалович - ЖАК
  33. Тургунов Эргашбай Чомаевич - МК
  34. Култаева Розакан Тажимырзаевна – Китепкана маалымат борборунун директору
  35. Осмонова Бузайнап Тумонбаевна – Адистер бөлүмү

  • КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА АРДАГЕР ОКУТУУЧУЛАР СЫЙЛАНЫШТЫ
  • КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА АРДАГЕР ОКУТУУЧУЛАР СЫЙЛАНЫШТЫ
  • КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА АРДАГЕР ОКУТУУЧУЛАР СЫЙЛАНЫШТЫ
  • КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА АРДАГЕР ОКУТУУЧУЛАР СЫЙЛАНЫШТЫ
  • КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА АРДАГЕР ОКУТУУЧУЛАР СЫЙЛАНЫШТЫ
  • КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА АРДАГЕР ОКУТУУЧУЛАР СЫЙЛАНЫШТЫ
  • КАРЫЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА АРДАГЕР ОКУТУУЧУЛАР СЫЙЛАНЫШТЫ