AVN

КЫТАЙ ТИЛИН ОНЛАЙН, ОФЛАЙН ОКУТУУДАГЫ МАСЕЛЕЛЕР

КЫТАЙ ТИЛИН ОНЛАЙН, ОФЛАЙН ОКУТУУДАГЫ МАСЕЛЕЛЕР
 Oct 4, 2021  500

Ушул жылдын 29-сентябрында Конфуций институтунда Конфуций күнү белгиленип, анын урматына “Кытай тилин онлайн, офлайн окутуудагы маселелер” аттуу тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарага ЖАМУнун ректору, тех.и.д., профессор Кеңешбек Усенов, проректорлор, директорлор, декандар, бөлүм башчылар, инсттитуттун өнөктөштөрү жана окуу мекемелеринин жетекчилери, курстун угуучулары катышты.

            Окуу жайдын жетекчиси Кеңешбек Усенов Синьцзян университети менен окуу жайдын кызматташтыгы, биргеликте ишке ашырылган долбоорлор, институттун ишмердиги жөнүндө айтып,  - “Кытай тили да дүйнөлүк тилдердин катарында, көп тилди билүү адамды ийгиликке жетелейт, дүйнөгө болгон көз карашыңды өзгөртөт. Андыктан студенттер талыкпай тил үйрөнгүлө, билим алгыла. Өнүккөн өлкөлөрдүн жетишкендиктерин тил аркылуу уйрөнүү жеңил” -деди.  

Тегерек столдо кытай тили боюнча окутуучулар өз ишмердүүлүктөрү боюнча презентацияларды жасашты. Алсак, Ван Шупин “Кытай тилин онлайн окутууда социалдык тармактарды колдонуу”, Лиу Махан “Кытай тилин орус тили аркылуу окутуу”, Ло Зы Мо “Мектеп окуучуларына кытай тилин окутуудагы маселелер”, Ли Шугуан “Кытай тилин окутууда студенттер менен жекече иштөөнүн алгылыктуулугу”, Ва На “Көк-Жаңгак шаарындагы кытай тили окуу пунтуларынын ишмердүүлүгү” жөнүндө айтса, Сюта Жумаева “Кытай тилин окутуунун оптималдуу жолдору”, Жумабеков Кайрат “Жергиликтүү кытай тили окутуучусунун таржымалы” жөнүндө баяндап берди.

Соңунда кытай тилин ар кандай шартта бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, окутуунун оптималдуу жолдорун тандап алып, тил үйрөнүүчүлөр менен жекече иш алып барып, жаңы техникалык каражаттарды максаттуу пайдаланып окутуу өз ийгилигин берери баяндамачылар тарабынан айтылды.

  • КЫТАЙ ТИЛИН ОНЛАЙН, ОФЛАЙН ОКУТУУДАГЫ МАСЕЛЕЛЕР