AVN







ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ СТАРТ АЛДЫ

ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ СТАРТ АЛДЫ
 Oct 2, 2021  544

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде мугалимдер күнүнө карата волейбол боюнча мелдеш башталды. Мелдеш окутуучулук курам жана кызматкерлер арасында болуп, анда бардыгы болуп сегиз команда күч сынашат. Окуу жайдын ректору тех.и.д., профессор Кеңешбек Усенов профессордук окутуучулук курамды мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктап, -“Спорт бул ден-соолуктун булагы, спорттук иш-чаралар бир гана майрам күндөрү эле эмес ар жума сайын болуп турса, ал үчүн окуу жайда толук шарттар каралган. Дегеним биздин мугалимдер спорттун бардык түрү боюнча алдынкы орунда. Алсак, өткөн жылы Ысык-Көлдө өткөн спартакиадада биздин агайлар өздөрүнүн мыктылыгын көргөзө алышты. Ал эле эмес спорттун башка түрлөрү боюнча да дүйнөлүк беттештерде байгелүү орундарды багындырган, өлкө желегин желбиреткен эр азаматтарыбыз бар.  Бүгүнкү таймашка да ийгилик каалайм, мыктылар утсун! Максат баш байге эмес, ынтымак!”-деди.  

Оюндун башкы калысы Низамидин Абдурахимов командалар эки группада күч сынашат. «А» группа жана «Б» группа. «А» группада ойной турчуу командалар филология факультети, медициналык колледжи, педагогикалык жана техналогиялар факультети, эканомика-юридикалык факультетинин окутуучулук курамы жана кызматкерлер. Ал эми «Б» группада административдик башкаруу корпусу, Жалал-Абад колледжи, медициналык факультет, табигый техникалык факультеттин окутуучулук курамы жана кызматкерлери беттешет.

 

  • ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ СТАРТ АЛДЫ
  • ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ СТАРТ АЛДЫ
  • ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ СТАРТ АЛДЫ
  • ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ СТАРТ АЛДЫ
  • ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ СТАРТ АЛДЫ
  • ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ СТАРТ АЛДЫ