AVN







КАРЫЛАРГА КАМКОРДУК

КАРЫЛАРГА КАМКОРДУК
 Oct 1, 2021  359

Ушул жылдын  29-30-сентябрь күндөрү  Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы "Философия жана гуманитардык илимдер" кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана "Социалдык иш" адистигинин студенттери камкордукка муктаж болгон карылардан кабар алды. Алар Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган жалгыз бой жашаган карыларга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү иретинде азык-түлүк беришти.

Демилгечилердин айтымында карылар күнүн белгилөөнүн максаты - дүйнө коомчулугун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу болуп эсептелет.

Иш-чаранын жүрүшүндө  карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү жана демографиялык өсүү тууралуу маалыматтар берилди.

Жыйынтыгында аксакалдар окутуучулар менен студенттердин бул аракетин алкоого алып, ак баталарын беришти.

  • КАРЫЛАРГА КАМКОРДУК
  • КАРЫЛАРГА КАМКОРДУК
  • КАРЫЛАРГА КАМКОРДУК
  • КАРЫЛАРГА КАМКОРДУК
  • КАРЫЛАРГА КАМКОРДУК