AVN







Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, тех.и.д., профессор Кеңешбек Усеновдун КУТТУКТООСУ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  ректору, тех.и.д., профессор Кеңешбек Усеновдун  КУТТУКТООСУ
 Oct 1, 2021  480

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлкекеттик университетинин ректору, тех.и.д., профессор Кеңешбек Усенов окуу жайда эмгектенген ардагерлерди улгайгандардын күнү менен жана алдыда боло турчуу мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Бүткүл өмүрүн, ден-соолугун, жаштык курагын өлкөнүн, коомубуздун өнүгүшүнө жумшаган, азыркы тапта ардактуу эс алууда жүргөн эмгек ардагерлерибиз бар. Алардын басып өткөн жолу, жасаган эмгеги жалпыбыз үчүн сыймык жана өрнөк. Мамлекет да, ар бир жаран да карыларга камкордукту, сый-урматты арттырып, алардын өрнөгүн келечек муунга жеткирүү аракетин жасаса, биз эч качан утулбайбыз.

Ал эми коомдун, мамлекеттин эртеңи кандай болот? Ал биринчи кезекте коомду агартып, келечек муунга таалим-тарбия берип келе жаткан мугалимден көз каранды. Кыргыз Республикасында мугалимдерге болгон сый-урмат барган сайын өз ордун таап, ушул багыттагы мамлекеттик саясат улам жакшырып баратканын сезип жатабыз. Экономикалык каржы абалыбыз анчейин болбогону менен президент баш болгон жогорку башкаруу бийлиги эмгек акыларды жогорулатуу, ар кандай сый-урмат көрсөтүүлөрдү күчөтүү, окуу жайларынын, мектептердин материалдык-техникалык базасын бекемдөөнү колго алды. Бул жагынан, албетте, аткарыла турган иштер да арбын.

Биздин окуу жайдын да төр ээлеген сыйлуу ардагерлери, өмүрүн билим берүүгө жумшап келе жаткан ардактуу окутуучуларыбыз көп. Биз дайыма алар менен сыймыктанып келебиз. Биздин окуу жайдын атын чыгарып, коомдо жана мамлекетибизде сыймыгыбызды арттырып келе жаткандар силерсиңер, урматтуу агай-эжейлер!

Сиздердин баарыңыздарды алдыдагы майрамдар менен чың жүрөктөн куттуктап, сиздерге бекем ден-соолукту, узун өмүрдү, жашоодогу бейпилдикти жана барчылыкты каалайм.

Бар болуңуздар!