AVN







ӨНӨРҮҢ БОЛСО ӨРГӨ ЧАП

ӨНӨРҮҢ БОЛСО ӨРГӨ ЧАП
 Sep 30, 2021  519

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин маданий-эстетикалык борбору окуу жайда билим алып жаткан таланттуу студенттерди чакырат. Аталган борбордун жетекчиси Рыспай Шайимкулов,-“Биздин окуу жай, бир гана билим берүү менен чектелбейт. Бизде студенттер үчүн ар тараптуу шарттар түзүлгөн. Мисалга, маданий-эстетикалык борбор аты айтып тургандай студенттердин маданий көрөңгөсүн жакшыртып, көмүскөдө калган таланттарды ачууга чооң жардам берет. Биз окуу жылы башталганда баардык факультет, колледждерге жарыя беребиз. Натыйжада бизге келген таланттуу студенттерди тандап, алар менен жыл бою  бир канча ири долбоорлорду ишке ашырабыз. Ал тургай талантуу студенттерди эл аралык, республикалык деңгээлдеги конкурстарга алып барабыз. Мындан улам бул жылы да ырга, бийге, юморго, комузга кызыккан таланттуу студенттерди күтөбүз,”-деди.