AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ ТИЛ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ ТИЛ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
 Sep 30, 2021  469

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде Мамлекеттик тил күнүнө  карата, "Эне тилим -  өтө бийик, өтө ыйык"- деген темада адабий кече болуп өттү. Кечеге Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрагасы ф.и.к., профессор Кубанычбек Калчакеев коледждин директору п.и.к., доцент Бариса Турдубаева, окутуучулар жана студенттер катышты.

Мында студенттер кыргыз тилине арналган ырлардан көркөм окуп, келгендерге жагымдуу ырларды тартуулашты. Соңунда иш-чарага активдүү катышкан окутуучулар менен студенттер алкоого алынды. Аны менен катар Жалал-Абад коледжинин директору Бариса Турдубаева студенттерди тил майрамы менен куттуктап,-“Мамлекеттик тил бул улуттун жүзү жана ээнчиси. Андыктан аны асыроо, кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүү жалпыбыздын милдетибиз!”-деди.

  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ ТИЛ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ ТИЛ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ ТИЛ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ ТИЛ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ ТИЛ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ