Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата медициналык колледжинин “Фармация” адистигинин Фарм-1-21, Фарм-2-21, Фарм-3-21, Фарм-4-21 тайпаларынын арасында “Тилим менин сыймыгым” деген темада таймаш өттү.
Таймаштын катышуучулары төрт тапшырма боюнча күч сынашты. Алсак, командалардын саламдашуусу, жекелик түрдө өз өнөрлөрүн көргөзүү, чыгармалардан үзүндүүлөрдү көркөм окуу жана улуттук бий бийлөө.
Уюштуруучулардын айтымында иш-чаранын негизги максаты студенттер арасында мамлкеттик тилдин макамын көтөрүү жана аны пропагандалоо. Аларды кыргыз тилинде сүйлөөгө чакыруу, улуттар арлык достук мамилени бекемдөө жана чыңдоо.
Жыйынтыгында, 1-орунга 115 упай менен Фарм-1-21 тайпасынан куралган “Санжыра” командасы, 2-орунга 110 упай менен Фарм-2-21 тайпасынан куралган “Ордо Мурас” командасы, 3-орундга 105 упай менен Фарм-3-21 тайпасынан куралган “Кыз-Бурак” командасы жана Фарм-4-21 тайпасынан куралган “”Ак шумкар” командалары ээ болушту. Жеңүүчүлөр колледждин дипломдору жана Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналар”, А.Муратовдун “Аталар сөзү, акылдын көзү”, Нуристан Марат уулунун “Генийлер кантип сүйлөшөт” деген китептери менен сыйланышты.