AVN







ЭНЕ ТИЛ ТАГДЫРЫ – ЭЛ ТАГДЫРЫ

ЭНЕ  ТИЛ ТАГДЫРЫ – ЭЛ ТАГДЫРЫ
 Sep 27, 2021  733

Табигый-техникалык факультетинин  химия кафедрасында,  I-IV курстун  студенттери менен  кафедранын окутуучусу Молдошева Гүлбурак Дүйшөбековна  тарабынан “Эне  тил тагдыры – эл тагдыры” темасында  куратордук саат болуп өттү.

Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттер кызыктуу    баяндамаларды,  улуттук,  маданий - эстетикалык баалуулуктарды чагылдырган презентацияларды жасап, накыл сөздөр менен макал-ылакаптарды айтышты. Ошондой эле Х-1-20 тайпасынын студенти Мээрим Кыялбек кызы өзү жазган автордук чыгармасын көркөм окуу  менен аталган куратордук сааттын жогорку деңгээлде өтүшүнө өз салымын  кошо алды.

Кафедранын  профессордук-окутуучулар курамы , студенттердин сунушу менен Х-1-20 тайпасынын  студенти Айзирек Кенетаеванын жасаган,- “Тил билсең-дил билесиң!”-деген темадагы презентациялык баяндамасы бааланып, мактоо баракчасына  ээ болду. Ал эми Мээрим Кыялбек кызынын автордук чыгармасы көпчүлүктүн купулуна толуп, ага алкыш жарыяланды.

  • ЭНЕ  ТИЛ ТАГДЫРЫ – ЭЛ ТАГДЫРЫ