AVN

ЖАМУда мамлекеттик тилдин учурдагы көйгөйлүү маселелери талкууланды

ЖАМУда мамлекеттик тилдин учурдагы көйгөйлүү маселелери талкууланды
 Sep 26, 2021  429

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана 23-сентябрь - Мамлекеттик тилдин 32 жылдыгына карата  «Мамлекеттик тилдин учурдагы көйгөйлүү маселелери» аталыштагы  республикалык илимий–практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга КРдин Прездентинин Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн социалдык, мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Г.Ашырова, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору тех.и.д., профессор А.Алибаев, фил.и.д., профессор К.Калчакеев, ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент А.Кадырова жана рофессор-окутуучулар, студенттер катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин макамы, тилге болгон мамиле  туурасында ойлор айтылып, тил жаатында бир топ илимий эмгектерди жасаган илимдин докторлору менен профессорлор баяндамаларды жасашты. Алсак, КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрөгасы, академик Сыртбай Мусаев  “Мамлекеттик тил-улуттук идеологиялык саясаттын өзөгү” деген темада, ал эми КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, академик А.Акматалиев "Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө кошкон салымы” жана КРУИАнын корреспондент - мүчөсү, Ж.Баласагын атындагы мамлекеттик университетинин профессору, п.и.д., Назаркул Ишекеев  “Мамлекеттик тилде билим берүүнүн проблемалары” аталышында баяндамаларды окушту.

Эске салсак, мамлекеттик тилдин 32 жылдыгына карата уюштурулган конференцияда бардыгы болуп 20дан ашуун илимдин кандидаттары, докторлору, профессорлор өз баяндамаларын иш-чаранын катышуучуларына, студенттерге онлайн негизинде тартуулашты.

  • ЖАМУда мамлекеттик тилдин учурдагы көйгөйлүү маселелери талкууланды