Конфуций институтунда 2021-жылдын 22-сентябрынан 29-сентябрына чейин Конфуций күнүн, күз майрамын белгилөө жана кытай тилин жана маданиятын пропагандалоо максатында жумалык башталды. Иш-чара педагогика жана маалыматтар технологиясы факультетиндеги математика, информатика, башталгыч билим берүү адистиктеринин студенттери менен жолугушуудан башталды. Кытай тили окутуучулары чай даярдоо салтанатын көрсөтүү, иероглифтоо жана сүрөт тартуу, кытай тилин окутуу боюнча окуу китептерин презентациялоо, кичи спорттук оюндарын көрсөтүү сыяктуу иш-аракеттерди студенттер менен биргеликте аткарышып, аларга кенен маалыматтарды беришти. Өз учурунда катышуучулар өзүлөрүн кызыктырган суроолорго да жооп ала алышты. Кытай тили курсунда мыкты окуган студенттердин КЭРдин Шанхай, Пекин, Ченду,Сиань,Үрүмчү шаарларындагы жогорку окуу жайларда стажировка өтөө учурунан видеолор, слайддар көрсөтүлдү.
Иш-чара кытай тилин үйрөнүп, өз адистиктери боюнча Кытайдан тажрыйба алмашып келүүнү каалаган студенттердин курска катталуусу менен жыйынтыкталды.