AVN

БИЛИМДЕ ДОСТУК БАР, ЧЕК АРА ЖОК, ЭЛЧИ МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮК.

БИЛИМДЕ ДОСТУК БАР, ЧЕК АРА ЖОК, ЭЛЧИ МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮК.
 Sep 20, 2021  624

Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов расмий иш-сапары менен Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине келди. Иш-чарага окуу жайдын ректору тех.и.д., профессор Кеңешбек Усенов, окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору тех.и.д., профессор Атабек Алибаев, илимий иштер боюнча проректор тех. и.к., доцент Сталбек Куваков мамлекеттик тил жана социалдык иш боюнча проректор Айгул Доранова, чарба иштери боюнча проректор э.и.к., доцент Салмоорбек Уметов жана Эл аралык бөлүмдүн   башчысы Гүлнур Маткалыкова катышты.
Жолугушууда эки маселе талкууланды. Биринчиси, ушул жылдын 24-октябрында боло турчуу Өзбекстандын президентин шайлоо боюнча окуу жайда билим алып жаткан Өзбекстандык студенттер үчүн шайлоо пунктарын ачуу. Экинчиси, Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Өзбекстандагы жогорку окуу жайлар ортосунда илимий жаатта кызматташуу. Иш-чарада Өзбекстандын Кыргызстандагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди. Ал өз сөзүндө - “Урматтуу Кеңешбек Жумабекович жалпы окуу жайдын кызматкерлери биз сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Сиздер биздин студенттер үчүн жетиштүү шарттарды түзүп татыктуу билим берип жатасыздар. Сиздер менен болгон кызматташуубуз буйруса мындан да жакшы болот. Кыргызстан, Өзбекстан достугу түбөлүк”- деди.
Ректор Кеңешбек Усенов элчи мырзага атайын иш-сапары менен келгенине ыраазычылыгын билдирди. Аны менен катар студенттерге болгон камкордук дайым болоорун, окуу жайда дагы да мыкты шарттар түзүлөөрүн, билим берүү, илимий иштерди ишке ашыруу  жаатында эки тараптуу кызматташууга кызыктар экенин айтты.

  • БИЛИМДЕ ДОСТУК БАР, ЧЕК АРА ЖОК, ЭЛЧИ МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮК.