Бүгүн Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин административдик башкаруу корпусу, кенже кызматкерлер жана студенттер ишембиликке чыгышты. Ишембиликке чыккан окутуучулук курам менен кенже кызматкерлердин жалпы саны 800гө чукул. Мындан сырткары тазалоо иштерине окуу жайдын карамагында турган Жалал-Абад шаарындагы беш факультет, эки колледж, эки институттун студенттери тартылган. Алар өздөрү окуган корпустардын короолору менен аудиторияларын жууп тазалашат. Мындан сырткары окуу жайга бөлүнгөн шаардын көчөлөрүн тазалоо үчүн да жумушчу топ бөлүнгөн.