AVN







СТУДЕНТТЕР ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА АТТАНДЫ

СТУДЕНТТЕР ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА АТТАНДЫ
 Sep 17, 2021  520

Бүгүн Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлкеттик университетинин алдындагы Жалал-Абад колледжинин  Экономикалык-юридикалык бөлүмүнүн  “Укук таануу” адистигинин 3-курсунун студенттери өндүрүштүк практига чыгышат. Бул багытта бүгүн  УТк-2-19, УТк-3-19 тайпаларынын студенттерине өндүрүштүк практикасынын алдындагы конференция болуп өттү. Конференцияга 3-курстун студенттери ЖАКтын өндүрүштүк окуу боюнча директордун орун басары Үлпат Кайкыева, практика жетекчилери Гүлмира Сабиралиева,  Сатарали Камбаралиев, Ырсалы Джоробаев, Элиза Осмонова катышты. Эми өндүрүштүк практига чыккан 36 студент 15-сентябрдан 23-октябрга чейин укук коргоо органдарында өз практикаларын өтөшөт.

Эске салсак, Жалал-Абад колледжинде баардыгы болуп 3000ге чукул студент билим алса аларга 170 окутуучу билим берет.